Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Словениядагы парламенттик шайлоодо премьер-министрдин партиясы жеңилди


Словениядагы парламенттик шайлоонун плакаттары.
Словениядагы парламенттик шайлоонун плакаттары.

Либерал бизнесмен Роберт Голобдун быйыл январда негиздеген “Эркиндик үчүн кыймыл” партиясы премьер-министр Янез Яншанын “Словения демократиялык кыймылы” партиясын бир топ айырмачылык менен утуп чыкты.

24-апрелдеги шайлоонун баштапкы жыйынтыгында Голобдун партиясы 34,5%, Яншанын партиясы 23,5% добуш алды. Мындан сырткары дагы үч партия төрт пайыздык босого чектен өттү.

Словенияда өкмөт башчыны депутаттар шайлайт. Партиясы көпчүлүк коалиция түзсө, Голоб өлкөнүн кийинки премьер-министри болуп шайланат деп күтүлүүдө.

63-жаштагы Янша АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын ачык күйөрманы болуп саналат. Анын партиясы үч жолу шайлоодо утуп, үч жолу тең премьер-министр болуп шайланган. Акыркы жолу 2020-жылы өкмөт башына келгенден кийин миңдеген словен жарандары анын башкаруусуна каршы нааразылык акцияларын өткөрүп келген. Шайлоо учурунда оппозиция Яншаны “демократиялык институттарды жана сөз эркиндигин кысмакка алды” деп айыптап жүргөн.

55-жаштагы Роберт Голоб кесиби боюнча инженер-электрик. Ал шайлоодогу жеңишинен кийинки билдирүүсүндө, “бул жыйынтыктар өлкөнү эркиндикке кайтарат” деп маалымдады.

Голоб дагы, Янша дагы Украинага кол салган Орусияга каршы Евробиримдиктин санкцияларын жактай турганын жар салышкан. Ошол эле маалда Голоб азыркы премьер-министрди “украин согушун өз бийлигин чыңдоого пайдаланып жатат” деп айыптаган. Москва Украинага кол салгандан кийин Янша башка өлкөнүн лидерлери менен чогуу Киевге келип кеткен эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG