Молдованын президенти Майя Санду өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чогултту. Анын алдында жикчил Приднестровье аймагынын бийлиги 26-апрелде орусиялык радиону ретрансляция кылган эки кубаттуу антенна жардырылганын билдирген. Өзүн "Приднестровье Молдова жумурияты" деп атаган эч ким тааныбаган аймактын Ички иштер мекемеси жардыруудан жабыркагандар болбогонун кошумчалады.
Бул маалыматтарды көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес.
25-апрелде Приднестровьенин Коопсуздук министрлигинин Тирасполдогу имаратында бир нече жардыруу болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал жерди гранатометтон аткылашкан. Аймактын башчысы Вадим Красносельский Парканы айылынын жанындагы аскердик объектиге жакын жерде жардыруу болгонун билдирген. Алар кимди күнөөлөп жатканы белгисиз.
Буга чейин орус Коргоо министрлиги Украинадагы операциянын эмки баскычы ал өлкөнүн түштүгүн басып алып, Приднестровьенин чек арасына чейин жетүүнү максат кыларын билдирген.
Кишинев аймакты Москва тарабынан аннексиялап алуу ыктымалдыгынан чочулайт. Молдова өкмөтү 25-апрелдеги окуяны “Приднестровьеде коопсуздук кырдаалын чыңалтуу үчүн себеп түзүү аракети катары” баалайт.
Ал эми Украинанын Коргоо министрлиги ал чагымды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) уюштурду деп эсептейт.
Молдова Приднестровьенин үстүнөн көзөмөлдү жоготконуна 30 жылдан ашты. Ал жерде Орусиянын аскердик контингенти жайгашкан. 200 миңден ашуун жергиликтүү тургун орус жараны. Орусия Приднестровьеде да “орус тилдүү калкты басмырлап келатышканын” айтууда.