Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Кыргызстанда ККМди колдонууда жаңы нормалар киргизилди


Иллюстрация
Иллюстрация

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги токтомуна ылайык, көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонуу боюнча бир катар ченемдер кабыл алынды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Токтомго ылайык, ККМди каттоо жана аны колдонуу жана аны пайдалануунун эрежелери, ККМсиз иш жүргүзө алган субъектилердин тизмеси, фискалдык маалыматтардын операторуна жана техникалык тейлөө борборлоруна талаптар иштелип чыккан.

Маалыматта Салык кызматынын системасында катталган көзөмөл-кассалык аппараттар техникалык кароодон өткөрүлбөйт, дароо колдонууга берилет. 2022-жылдын 1-майынан тартып техникалык талаптарга жооп бербеген ККМ каттоодон өткөрүлбөйт.

Салык кызматынын системаларында катталган ККМди колдонуу 2022-жылдын 31-декабрына чейин каралган.

Буга чейин ишкерлер ККМ аппаратын киргизүү мөөнөтүн узартууну суранган.

Азыркы учурда эки түрдөгү, аппараттык жана программалык ККМ колдонулат. Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эстутуму менен кадимки кассалык аппарат. Программалык KKM – тиркеме түрүндө болот. Смартфонго, планшетке же компьютерге бекер орнотулат. Бул аппараттык ККМдин эң жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн ишкерге чек басып чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.

Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылган.

Буга чейин “Дордой”, “Дордой Моторс” жана “Таатан” өңдүү чоң базарлардагы соодагерлер кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы акцияга чыккан.(KS)

XS
SM
MD
LG