Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:41

Баш мыйзамда Назарбаевдин аты калып, артыкчылыктары алынат


Туңгуч президенттин музейиндеги сүрөт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү. 19-апрель, 2022-жыл.
Туңгуч президенттин музейиндеги сүрөт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү. 19-апрель, 2022-жыл.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин макамын Баш мыйзамда бекитүү сунушу коңшу өлкөдө кызуу талкууда. Бул сунушту Назарбаев өзү мүчө болгон Конституциялык кеңешме карайт.

"Артыкчылыктары алынып, тарыхый ролу калды"

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жумушчу топ Баш мыйзамга экс-президент Нурсултан Назарбаевдин “Көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү” деген макамын киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу жумушчу топтун мүчөсү Эрмек Абдрасылов билдирди:

"Жумушчу топ бул макамды Конституцияда бекитүүнү чечти. Казакстандын туңгуч президенти - эгемен Казакстандын негиздөөчүсү. Башкача айтканда, бул макам бекитилет".

Ерлан Кошанов.
Ерлан Кошанов.

Казак Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов 27-апрелдеги жыйында Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилсе, “Улут лидери” жөнүндө мыйзам күчүн жоготорун айтты.

"Бул жерде Элбашынын статусу, артыкчылыктары алынып салынган. Конституцияда негиздөөчү катары Назарбаевдин тарыхый ролу гана калды".

Мухтар Тайжан.
Мухтар Тайжан.

Январдагы кандуу коогалаңдан кийин көпчүлүк Элбашы менен анын үй-бүлөсүнө өмүр бою кол тийбестик кепилдигин берген "Улут лидери жөнүндөгү" мыйзамды жокко чыгаруу менен Назарбаевдин доору аяктайт деп үмүттөнгөн.

Казакстандык оппозициячыл саясатчы Мухтар Тайжан жумушчу топтун сунушун "акылга сыйгыс дымак" деп баалады.

"Мен дүйнөдө кандайдыр бир конкреттүү президенттин ролун белгилеген Конституцияны көргөн эмесмин. Америка Кошмо Штаттарынын да, Франциянын да, башкалардын да Баш мыйзамында андай жөрөлгө жок. Экинчиден, Нурсултан Назарбаев атын Конституцияга жазууга татыктуу эмес".

"Казакстандын негиздөөчүсү деген туура эмес"

Казакстан Советтер Союзунун курамынан чыкканын акыркылардан болуп 1991-жылдын 16-декабрында жарыялаган. Казакстандын Түркиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Балташ Турсымбаев ал учурда Назарбаев тескерисинче, СССРдин таркашына каршы чыккандардын сап башында турган дейт.

Балташ Турсымбаев.
Балташ Турсымбаев.

"Биз эгемендүүлүктү союз ыдырап кеткени үчүн гана алдык. Бул окуяда Назарбаевдин эч кандай сиңирген эмгеги жок. Андан сырткары, Назарбаевди эгемен Казакстандын негиздөөчүсү деген туура эмес. Казак мамлекеттүүлүгүн – Жаныбек менен Керей хан түптөгөн. Тээ 15-кылымдын орто ченинде. Биздин мамлекетибизге отуз эмес, 550 жыл. Муну унутпашыбыз керек. Бул биздин тарыхыбыз",- деди ардагер дипломат.

Элбашынын ысымы өлкөнүн негизги мыйзамына Назарбаев өзү мүчө болгон конституциялык кеңешменин макулдугунан кийин гана киргизилет. Эгер кеңешменин сегиз мүчөсүнүн бешөө бул демилгеге каршы добуш берсе, сунуш өтпөйт.

Экс-президентти четтетүү ыкмасы

Көпчүлүк казакстандык эксперттер азыр талкууланып жаткан өзгөртүүлөр экс-президент менен коштошуунун кандайдыр бир ыкмасы деп эсептешет.

Саясат таануучу Талгат Калиевдин пикиринде, Конституциянын жаңы редакциясы Назарбаевди мамлекеттик бийликке таасир этүү укугунан биротоло ажыратып, өзү айткандай катардагы пенсионерге айлантат.

Ал арада президент Касым-Жомарт Токаев бийликтеги "Аманат" партиясынын (мурдагы Назарбаев башында турган "Нур Отан" партиясы) кезексиз жыйынында анын төрагалыгынан жана катарынан чыгарын билдирди. Токаев муну Конституцияга киргизиле турган кошумча-алымчалар менен түшүндүрдү.

"Аманатты" эми мажилистин спикери Ерлан Кошанов жетектейт. Шейшемби күнкү курултайда "Адал" партиясы "Аманатка" кошулары да маалым болду.

28-январда "Нур Отандын" жыйынында Токаев Назарбаевдин ордуна бийликтеги партиянын төрагалыгына бекиген. Ошондо Токаев мамлекет башчы саясий уюмдардан оолак болууга тийиш деген оюн айткан.

Өткөн айда партия аталышын өзгөртүп, "Аманатка" айланган. Январдагы кандуу окуялардан кийин айрым региондордо партиянын катарынан чыккандар муну "иренжүү", "бийликке ишенбестик менен" түшүндүргөн.

Январь окуясынан кийин Токаев жаңы реформаларды жарыялап, Элбашынын жакын туугандарын майлуу-сүттүү кызматтардан алган. Көп өтпөй Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын Токаевге өткөрүп берген.

Казакстанда кандуу калабаны териштирүү дагы эле уланууда. Сот 214 адамга өкүм чыгарды. Учурда 600дөн ашуун кылмышка шектүү киши камакта. Каза болгон 230 маркумдун аты-жөнү болсо белгисиз.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG