Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

ИИМ Оштогу мектеп окуучусун ала качуу окуясы боюнча түшүндүрмө берди


Иллюстрация
Иллюстрация

Ошто жашы жете элек кыздын турмушка чыккандыгы боюнча тараган видеого облустук милиция түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, окуя Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ой-Тал айыл аймагында болгон.

“Ушул айда Көк-Арт айылынын 20 жаштагы тургуну 11-класстын окуучусу Н.М. аттуу кызды турмуш куруу максатында үйүнө алып барган. Ошол эле күнү кыздын апасы милиция менен баланын үйүнө барганда кыз өз макулдугу менен келгенин айткан. Мыйзамда жашы жете электер менен никеге турууга уруксат жок экени айтылып, окуучу ата-энеси менен үйүнө кеткен",-деп айтылат маалыматта.

Окуучунун ата-энеси арыз жазуудан баш тарткан. Кыз-жигиттин жакындары ушул жылдын август айында нике той өткөрүүнү макулдашып алганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев кошумчалады.

Кыргызстанда кыз ала качуу оор кылмыштардын бири. Былтыр декабрда Кылмыш-жаза кодексине Башкы прокуратура иштеп чыккан жаңы өзгөрүүлөр кирип, эми "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" боюнча 172- берененин алкагында кылмыш иши козголот.

Өткөн жылы 5-апрелде 27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз адамдар күчкө салып уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги талаада автоунаадан табылган. Уурдаган киши алгач кызды зордуктап, андан соң өзүнө кол салганы аныкталган.

Укук коргоо органдарынын расмий маалыматына караганда, Жазык кодексинин "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" беренеси (175) менен 2020-жылы 210 иш катталган. Алардын 5% гана сотко жеткен. 2021-жылы Кыргызстанда кыздарды уурдоо жана никеге мажбурлоо боюнча 560 факты катталган. (KS/AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG