Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Орус прокуратурасы "Москва" крейсери согушка катышпаганын билдирди


Орусиянын Кара деңизде флотунун "Москва" крейсери 13-апрелде кыйраган.
Орусиянын Кара деңизде флотунун "Москва" крейсери 13-апрелде кыйраган.

Орусиянын Аскердик прокуратурасы Кара деңизде кыйраган "Москва" крейсеринде дайынсыз жоголгон жоокер Егор Шкребецтин атасы Дмитрий Шкребецке аталган кеме "Украинадагы атайын операцияга катышпаганын жана уулу кабарсыз кетип калгандардын катарында экенин" билдирди. Бул тууралуу Шкребец “Фейсбукка" жазып, прокуратуранын ушундай өңүттөгү катын жарыялады.

13-апрелде Украина Кара деңизде жүргөн "Москва" крейсерине ракеталык чабуул жасаганын жана крейсерде өрт чыкканын жарыялаган. Бул болжолдуу түрдө Одессадан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара деңизде болгон. Маалыматты 14-апрелде Орусиянын Коргоо министрлиги да ырастап, бирок ал кеменин өзүндөгү кокустуктан улам өрт чыкканын тактаган. Кийин орусиялык мекеме аскердик кеме деңизге чөгүп кеткенин моюнга алган.

Ар кайсы эсептер боюнча "Москва" крейсеринин экипажы 416 адамдан 680 адамга чейин жеткен. Алардын көбү милдеттүү аскердик кызмат өтөөгө келген жоокерлер болуп чыккан.

Мурда Орусиянын Украинага чабуулун колдоп чыккан Ялта шаарынын тургуну Дмитрий Шкребец кийин чөгүп кеткен крейсерде өзүнүн уулу каза болуп калганын жарыялап, расмий органдар ага маалыматты так бербей жатканын сынга алган. Шкребец мындан аркы өмүрүн уулунун дарегин табууга жана эгер ал крейсерде өлгөнү аныкталса, ага күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тарттырууга арнай турганын айткан. Анын уулу да милдеттүү кызмат өтөгөнү барган жоокер болгон жана дагы ондогон моряктардын ата-энелери прокуратурага чогуу кайрылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG