Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Кесиптик кошуундар бирикмеси мигранттардын акысын өндүрүүгө көмөктөшүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын кесиптик кошуундар бирикмеси 2020-жылдан бери мигранттардын 20 млн. рубль айлык акыларын иш берүүчүлөрдөн алып берген. Бул тууралуу бирикменин төрагасы Жамалидин Эшанкулов "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтуусунда быйыл апрель айында эле мигранттардын 280 миң рубль акысы өндүрүлдү.

Мигранттардын кесиптик кошуундар бирикмеси 2019-жылы түзүлгөн, 5,5 миң мүчөсү бар.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда бир миллиондон ашуун кыргызстандык мигрант иштейт. Иш берүүчүлөр менен эмгек келишими жок иштеп, айлык акыларын ала албаган жарандар миңдеп саналат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG