Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Ботаникалык бакка видеобайкоо орнотулат


Kyrgyzstan. Bishkek. Botanical Garden. Botany garden.
Kyrgyzstan. Bishkek. Botanical Garden. Botany garden.

Бишкектеги Ботаникалык бакка видеокөзөмөл камералары орнотулганы жатат. Бул тууралуу бүгүн 11-майда Жогорку Кеңеште “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү долбоору талкууланып жатканда ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков билдирди.

Анын айтымында, камералар эки жерге коюлат, видеобайкоо күнү-түнү жүргүзүлөт.

Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институту болуп эсептелген Ботаникалык бак Бишкектин эки жеринде жайгашкан. Аянты боюнча чоңураагы шаардын түштүк-чыгыш четинде. Анын аймагы каалоочулар үчүн ачык. Кээде сейилдөө үчүн баргандар түрдүү кылмыштын курмандыгы болгон учурлар бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG