Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Студенттери арызданган коллеж боюнча териштирүүнүн жыйынтыгы айтылды


Диний китептерди мажбурлап окутуп жатканын айткан студенттер. Сүрөт видеокайрылуудан алынды.
Диний китептерди мажбурлап окутуп жатканын айткан студенттер. Сүрөт видеокайрылуудан алынды.

Чүй облусуна караштуу Шопоков шаарындагы эл аралык окуу жай боюнча териштирүү жүргүзүлүп, кылмыш ишин козгоого негиз жок деген чечим чыгарылганын 12-майда “Азаттык” радиосуна облустук милициядан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, Сокулук районунун ички иштер башкармалыгы катталган материалдардын алкагында бир катар тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, 12-мартта алдын ала тергөө аяктагандан кийин кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарган, тагыраак айтканда, кылмыштын курамы жок экени аныкталган. Өз текшерүүсүн облустук тергөө кызматы да жүргүзгөн.

Аталган окуу жай боюнча маселени 22-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев да көтөрүп, бул ишке билим берүү жана илим министринин орун басары менен жергиликтүү милиция аралашканын айтып чыккан.Депутат аталган окуу жайда студенттерди христиан динине мажбурлап тартуу жүрүп жатканын билдирип, муну мыйзам бузуу деп атаган.

Былтыр 28-декабрда Интернетке чыккан видео кайрылуусунда өзүлөрүн Эл аралык универсалдык коллеждин студенти катары тааныштырган балдар мугалимдер аларды сабак учурунда Библияны окууга мажбурлап, эгер каршылык билдирсе окуудан чыгарарын айтканын, мусулмандардын укугу бузулуп, коллежди диний окуу жайга айлантуу аракети көрүлүп жатканын айтып чыгышкан. Ошондой эле алар коллежди жабууну, төлөнгөн контракт акысын кайтарып берүүнү да талап кылышкан. Студенттер текшерүү учурунда окутуучулар айрым диний китептерди катып, өрттөп жиберүүгө үлгүргөнүн айтышкан.

Билим берүү жана илим министрилиги окуяны териштирүү үчүн адистерин жөнөткөнүн, алар окуу жайдын администрациясы жана студенттери менен жолугушуп, тиешелүү документтер менен жеринен таанышканын жана маселе министрдин жеке көзөмөлүндө экенин ошондо билдирген.

Коллеждин жетекчилиги студенттердин билдирүүсүн негизсиз деп эсептей турганын 4-январда “Азаттык” радиосуна окуу жайдын окутуучусу Диля Сулайманова билдирген. Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү бир нече жолу текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуу тапкан эмес.

Тил жана маданият институту, Эл аралык универсалдык коллеж деп аталган кыргыз-корей окуу жайлары 2015-жылы Сокулук районундагы Шопоков шаарында «Жаңы Жибек Жолу Корпорациясы» коомдук кайрымдуулук фондунун колдоосу менен иштей баштаган. Учурда бул окуу жайларда 500дөй студент билим алууда. Окуу жай негизинен гуманитардык багытта билим берет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG