Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Казакстан кант экспортуна убактылуу чектөө киргизди


Казакстан 23-майдан тартып ак кант жана тростник кантын өлкөдө тартыш болуп жатканына байланыштуу алты айга чейин өлкөдөн сыртка чыгарууга чектөө киргизди.

Казакстандын айыл чарба министри Ербола Карашукеевдин буга байланыштуу жарлыгы нормативдик-укуктук актылардын сайтына жарыяланды. Көрүлгөн чаралар тууралуу Евразия экономикалык комиссиясын кабардар кылуу тапшырмасы берилди.

Өткөн аптада Казакстандын алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөр бирлиги кант жетишсиздигин айтып, тийиштүү мекемелерге ачык кат жолдогон.

Жергиликтүү маалымат каражаттардын жазганына караганда, көйгөй орус өкмөтүнүн март айында продукцияны экспорттоого тыюу салганынан улам келип чыккан.

Кыргызстан былтыр дээрлик 50 миң тонна кумшекер импорттогон, анын көбү Орусиядан 24,3 миң тоннаны түзгөн. Казакстандан 4,5 миң тоннадан ашык кумшекер ташылып келген.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын Министрлер кабинети ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн, анын ичинде кантты алып чыгууга тыюу салган. Апрель айынан тарта өлкөгө ташылып келген кумшекер жана тазартылган өсүмдүк майы үчүн кошумча нарк салыгынын нөлдүк салык ставкасы (КНС) күчүнө кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG