Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Бишкекте бактардын электрондук базасы толукталууда


"Бишкек жашылдандыруу чарбасы" ишканасынын жумушчулары.
"Бишкек жашылдандыруу чарбасы" ишканасынын жумушчулары.

Бишкектин жашылдандыруу («Бишкекзеленхоз») чарбасы шаардагы бактардын санын тактоо ишин улантууда. Борбор калаанын мэриясы бул ишке жардам берүүнү каалаган ыктыярчылар керек экенин билдирди.

Инвентаризациялоо ишинин алкагында шаардагы бардык бактардын саны, абалы такталып, кандай багууга жана жардамга муктаж экени аныкталат, тейлөө иштерине бюджеттен канча акча талап кылынары божомолдонот.

Бишкекте бактардын электрондук базасы ачылганы, алгачкы эки аптада эле ыктыярчылардын жардамы менен 700 бак тизмеге киргизилгени былтыр октябрь айында маалымдалган. (RK)

XS
SM
MD
LG