Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Каракол: Оор абалда ооруканага түшкөн келиндин күйөөсү кармалды


Кылмышка шектүү катары кармалган адам.
Кылмышка шектүү катары кармалган адам.

Караколдо аялын сабап кыйнаган деп шектелип жаткан адамга карата иш козголуп, өзү камакка алынганын Ысык-Көл облустук милициясы 16-майда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 14-майда милицияга облустук ооруканага ур-токмокко кабылган 38 жаштагы келин жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча Каракол милициясында Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин (Үй-бүлөлүк зомбулук) негизинде сотко чейинки териштирүү башталып, аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Кийин 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон. Келинге коргоо ордери берилген.

Окуя тууралуу алгач 15-майда караколдук укук коргоочу Камил Рузиев жазып чыккан. Ал майыптыгы бар, ооруканага оор абалда түшкөн Айзат Үсөнбаева буга чейин да күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG