Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Жерүй маселеси парламенттик комитетте каралат


Жерүй. Архивдик сүрөт.
Жерүй. Архивдик сүрөт.

Таластагы Жерүй алтын кени боюнча маселе бүгүн 17-майда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинде каралат. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жетекчилиги маалымат берет.

Жерүйдөгү иштер тууралуу тийиштүү мекеменин маалыматын угуу демилгесин бир ай мурда депутат Дастанбек Жумабеков көтөргөн. Ал кен иштетиле баштаганына бир жыл болгонун, андан бери канча алтын чыкты, жергиликтүү тургундарды жумушка орноштуруу, экология маселеси кандай чечилип жатканы тууралуу маалымат ачык жарыяланышы керек экенин айткан.

Кыргызстанда көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки орунда турган, мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин учурунда лицензиясы колдон колго өтүп келген Жерүй кенин иштетүү укугу азыр орусиялык ишкерлердин колундагы «Альянс-Алтын» компаниясында. Кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар Кыргызстан бул ишканада үлүшү жок калганын жана экологияга зыяны канчалык экени тууралуу так маалымат берилбей жатканын жүйө келтиришкен.

1969-жылы чалгындалган Жерүйдө 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүш запасы бар экени айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG