Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:42

Диплом текшерүү: эки депутаттын мандатын кароо кечикти


Коллаж.
Коллаж.

Өткөн айда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эки депутаттын диплому жасалма экени аныкталганын билдирген. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы алардын мандатын дагы эле карай элек. Дипломго байланыштуу иштин создугушун "соодалашуу" катары баалагандар да бар.

8-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы УКМКдан “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен “Альянстын” депутаты Фарходбек Алимжановдун диплому жасалма экени тууралуу маалымат берилгенин билдирген.

Жогорку Кеңештин расмий сайтында депутат Фархат Исмаилов 2000-жылы Кыргыз улуттук университетти, андан соң юридикалык академияны бүтүргөнү, ал эми Фарходбек Алимжанов алгач Ош мамлекеттик университетин андан кийин Президенттин алдындагы башкаруу академиясын аяктаганы жазылган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаилов бул окуу жайда окубаганын жана ага диплом берилбегенин билдирди. Ректор Канат Садыков окуу жайдын жасалма дипломго тиешеси жок деп эсептейт.

Канат Садыков.
Канат Садыков.

“Жасалма дипломду биз берген жокпуз. Ал эми аны жокко чыгаруу маселесин сот чечиши керек. Биз, ал (Фархат Исмаилов-ред.) биздин университетте окуган эмес деп маалымат берип атабыз. Ага диплом бербесек, кандай тиешебиз бар?”.

Эки депутат тең диплому жасалма экенин четке каккан. Бул ирет экөө менен тең байланышууга мүмкүн болгон жок. Депутат Фарходбек Алимжанов социалдык тармак аркылуу мындай деген:

“Мен ОшМУда окуп, экономист кесибин алгам. Менин дипломдук ишимди коргоо учурунда кызуу талкуу болгон. Окутуучулар аны азыркыга чейин эстешет”.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев Боршайком Билим берүү жана илим министрлигине кат жөнөткөнүн, жооп келгенден кийин эки депутаттын мандаты тууралуу маселе отурумга чыгарыларын билдирди.

Нурлан Койчукеев.
Нурлан Койчукеев.

“Ал депутаттардын маселеси мындай болуп жатат. Бир эле диплом эмес, эки диплому болуп жатпайбы. Биринчи диплому жасалма болгон менен, экинчи диплому жасалма эмес. Буга чейин ушундай маселе жаралганда, министрлик эки дипломун тең жокко чыгарган. Биз жооп күтүп жатабыз. Бул маселе чечилгенден кийин сөзсүз кайрылабыз”.

Билим берүү жана илим министрлиги болсо эки депутаттын диплому боюнча Боршайкомдун катына жооп бербей жатканын түшүндүрүүдөн баш тартты.

Кыргызстанда жасалма дипломдорду текшерүү депутат Орозайым Нарматова мандатынан ажыратылгандан кийин башталган. УКМК 14-январда Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзам бузуу жолу менен алганын билдирип, суракка чакырган. Билим берүү жана илим министрлиги 19-январда БШКга анын диплому жараксыз деп табылганы жөнүндө кат жөнөтүп, 20-январда мандатынан ажыратылган.

Укук коргоочу Рита Карасартова Нарматованын мандаты боюнча чечим чагылгандай тез чыкканына токтолуп, ал эми Исмаилов менен Алимжанов боюнча соодалашуу жүрүп жатат деген ойдо.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

“Бул кош стандарттуулук. Биринчи кишиге жакын адамдарга гана "күн тийип жатпайбы". Орозайым Нарматованыкы жасалма диплом эмес, ал болгону окуу жүрүп жаткан эки семестрде Москвада болуп калган. Андайлар Кыргызстанда толтура. Кыргыздын жарымы ошондой. Ал эми бул эки депутаттыкы так жасалма. Анткени окуу жайлар мындай диплом жок деп жатат. Адилеттүүлүктүн деңгээли мышык ыйлачудай болуп турат”.

Ал эми атайын кызмат жасалма диплом колдонууга айыптаган мурдагы депутат Рыскелди Момбековдун иши жогорудагы эки депутаттыкына окшош. Момбековдун дагы эки диплому бар. БШК анын биринчи Кыргыз улуттук университетинен алган диплому жасалма деп Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Президенттин тапшырмасы менен жасалма дипломдорду текшерип жаткан УКМК текшерүү иштери жүрүп жатканын гана айтып, башка маалымат бере албасын билдирди.

Бул окуялардан кийин парламенттин алты дептутаты талапкер болуу үчүн жогорку билим болуш керек деген норманы алып салууну сунуштаган. Бул тууралуу мыйзам долбоор коомдук талкууга дагы чыгарылган.

Демилгечи топ буга Баш мыйзам кепилдеген жарандардын бирдей шартта шайлануу укугу чектелип жатканын жүйө келтирүүдө. Бирок президент Садыр Жапаров акыркы маегинде мыйзамдагы бул талапты алып салууга каршы экенин айтты.

Депутат Дастан Бекешев да Орозайым Нарматова боюнча чечим тез чыкканын кайталап, бирок эки депутаттын иши созулуп кеткенин белгиледи.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“Мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо аяктады. Бирок мыйзамдын негизги демилгечиси парламентке алып чыккан жок. Анткени мыйзамга кол койчу президенттин пикири себеп болду окшойт. Ал эми эки депутаттын диплому боюнча иш чынында эле созулуп кеткени көрүнүп турат. Анын себебин фракциядан карап көрсөңөр белгилүү болот”.

Атайын кызмат буга чейин Жогорку Кеңештин төрт депутаты, парламенттин аппаратынын бир кызматкери, шаардык кеңештин үч депутаты, эки судья жасалма дипломго шек саналып жатканын билдирген. Тизмеде бир катар министрлик, мамлекеттик мекемелердин да кызматкерлери бар. Бирок эки депутаттан башкасынын ысымдары жарыяланган эмес.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG