Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Министрлик: Бишкек ЖЭБинде майнинг-ферма жок


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкектеги Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) аймагында майнинг- ферма жок. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев "Азаттыкка" билдирди.

Ал бул боюнча өкмөттө кызматтык колдонуудагы документтер бар экенин, бирок жагдайларын ачык айтпай турганын белгиледи.

8-апрелде Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айрым кызматкерлери аларды башка, ыңгайсыз, тар жайларга көчүрүп жатканы үчүн нааразылык акциясына чыгышкан. Энергетика тармагындагы жетекчилер бошогон кеңсени менчик майнинг-фермага бергени жатканын билдиришкен.

Акциядан кийин "Электр станциялары" ишканасы маалымат таратып, ЖЭБдин кеңсеси майнинг-фирмага берилет деген сөздөрдү четке какты. Ишкананын билдирүүсүндө чыгымдарды оптималдаштыруу жараянынын алкагында аларга караштуу бир компаниянын борбордук аппараты ЖЭБге көчүрүлүп жатканы айтылат.

Кыргызстанда электрондук акча чыгарган компанияларга тыюу салынган эмес, бирок электрдин аздыгынан аларга ток берилбей келет. (МТа)

XS
SM
MD
LG