Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Британияда маймыл чечегин жугузуп алгандар 57ге жетти


Маймыл чечегин жугузуп алган адам.
Маймыл чечегин жугузуп алган адам.

23-майда Англияда дагы 36 кишиден маймыл чечеги табылды. Муну менен Улуу Британияда 7-майдан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 57 кишиге жетти.

Британиянын Саламаттыкты сактоо агенттиги илдеттин жайылышы "тынчсыздануу жаратып жатканын", бирок жалпы калк үчүн чоң коркунуч жок экенин билдирди.

Мекеменин башкы медициналык кеңешчиси Сюзан Хопкинс жарандарды денесинде кандайдыр бир адаттан тыш ыйлаакчалар же сезгенүү байкалса, ооруканага кайрылууга чакырды.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон маймыл чечеги "сейрек" оору экенин айтып, илдеттин өлкөдө жайылышынын "кесепети өтө олуттуу
эмес" экенин белгиледи.

Бул илдет Африкадан башка дүйнөнүн Португалия, Испания, Австрия, Австралия, Бельгия, Канада сыяктуу 15тен ашык өлкөсүндө катталды. Бул өлкөлөрдө баш-аягы 100дөн ашуун адамдын маймыл чечеги табылды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, маймыл чечегинин белгилери кадимки чечек оорусунукуна окшош. Илдетке чалдыккан адамдын дене табы көтөрүлүп, башы, булчуңдары ооруп, бездери чочуп калышы мүмкүн. Андан кийин бетинде бүдүр пайда болуп, бара-бара денесинин башка жерлерине жайылышы ыктымал. Маалыматка караганда, бул дарттан көз жумгандардын пайыздык көрсөткүчү төмөн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму илдетти жугузуп алгандардын саны өсө турганын эскертип жатат. Германиянын Роберт Кох институтунун доктору Фабиан Леендерц маймыл чечегин эпидемия деп атап, бирок ал көпкө созулбай турганын белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG