Кар түшкөн Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүнө жол ачык. Бул тууралуу райондун акиминин биринчи орун басары Болот Абдыжапаров билдирди.
Анын айтымында, Ак-Сайдагы малчыларга 30 автоунаа менен чөп жеткирилген.
"Эки-үч күн чөп менен кармап турса, кар ээрип кетет деп турабыз. Азыр өрөөнгө келчү Ат-Башы-Кында-Торугарт жолу ачык. Чабандар тоскоолдуксуз келе алат", - деди Абдыжапаров.
Ак-Сай жайлоосуна мал айдап кеткен боюнча дайыны чыкпай жаткан үч адам дагы үйүнө кайтып келгени белгилүү болду.
Ак-Сай өрөөнүндө 24-майга карата 113 чабан, 7256 топоз,993 жылкы, 122 уй жана 9885 кой-эчки бар.
22-майда өлкө боюнча аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарга кар түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-майда дагы бир катар региондордо маал-маалы менен нөшөрлөгөн жамгыр, ал эми тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскертүүдө.
Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүнө кар калың түшкөнү, мал оттой албай туруп калганы тууралуу чабандардын видеокайрылуусу чыккан. Ак-Сай өрөөнү Кыргызстандын эң суук аймагы. (МТа)
Facebook шеринеси