Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

"Биринчи каналдын" согушту жектеген журналисти Вацлав Гавел сыйлыгын алды


Орусиянын "Биринчи каналынын" жаңылыктар кызматынын "Время" программасынан. 14-март, 2022-жыл.
Орусиянын "Биринчи каналынын" жаңылыктар кызматынын "Время" программасынан. 14-март, 2022-жыл.

Орусиянын "Биринчи канал" мамлекеттик телеканалынын мурдагы редактору Марина Овсянникова түз эфирдеги согушка каршы акциясы үчүн Вацлав Гавел атындагы эл аралык сыйлыкка татыды. Сыйлык 25-майда Ослодо тапшырылды.

Марина Овсянникова 14-мартта “Время" программасынын кечки чыгарылышындагы түз эфирде студияга кирип барып, алып баруучу Екатерина Андрееванын артына туруп: "Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат" деген плакатты көтөргөн. Ал "Согушту токтоткула!" жана "Согушка жол жок!" деп кыйкыра баштаганда режиссёрлор эфирди башка сюжеттин кадрлары менен жабууга аргасыз болушкан.

Мунун алдында Овсянникова видеокайрылуу жазып, анда Украинага жасалган баскынчылыкты айыптаган.
"Бул - кылмыш, Орусия агрессор өлкө жана бул кол салууга бир гана киши - Владимир Путин жооптуу", - деген.
Кийин ал кармалып, 14 сааттан ашык сурак берип чыккан.

Москванын Останкино соту Овсянниковага карата “Орусия армиясын дискредитациялоо” боюнча кылмыш ишин каттаган. Ага 30 миң рубль айыппул салынган.

Марина Овсянникова апрелде өлкөдөн чыгып кетип, Германиянын Die Welt компаниясына штаттан тышкаркы кабарчы болуп кирген.

Вацлав Гавел Чехословакиянын акыркы президенти жана Чехиянын биринчи президенти. Жазуучу, драматург, укук коргоочу жана мамлекеттик ишмер болгон. Анын атында эки сыйлык бар, бири жарандык эрдик үчүн, экинчиси креативдүү каршылык акциясы үчүн ыйгарылат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG