Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Лу Ташкентте Абдулазиз Камилов менен жолукту


АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу жана Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Абдулазиз Камилов.

АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Ташкентке жасаган сапары маалында Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Абдулазиз Камилов менен 26-майда жолукту.

"Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Абдулазиз Камиловго тышкы иштер министри болуп турган маалдагы иши үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз эки элдин кызыкчылыгынын алкагында эки тараптуу кызматташууну улантабыз"-деп жазылат АКШнын Ташкенттеги элчилиги тараткан билдирүүдө.

17-мартта тышкы иштер министри болуп турганда Абдулазиз Камилов Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдорун билдирип, бир ай өтпөй кызматтан алынган.

27-апрелде Камилов Өзбекстандын президентинин алдындагы Коопсуздук жана тышкы саясат боюнча кеңешинин төрага орун басарлыгына дайындалган.

Дональд Лу Өзбекстанга барардан мурда Кыргызстанда болгон. Ал «Азаттык» менен болгон маегинде Кыргызстан менен АКШнын жаңы келишими даяр экенин билдирип, "ага болушунча тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз" деди.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG