Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:09

Ноокатта өспүрүм кыз өз жанын кыйды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Ноокат районунда 7-класста окуган кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 23-май күнү саат 16:40 чамасында Гулистан айыл аймагында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүм "Ата сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам",- деген мааниде кат жазып калтырып, өзү жашаган үйдө жанын кыйган.

Учурда окуучу кыздын эмне себептен жанын кыйгандыгын тактоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйгөнү байкалууда. Борбор Азияда суицид боюнча Казакстан биринчи орунда, андан соң Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан турат. (AAb)

​
XS
SM
MD
LG