Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу 300дөн ашуун адам соттолду


Казакстандагы быйыл январда чыккан нааразылык акциялары. Алматы шаары, Казакстан. 5-январь, 2022-жыл.
Казакстандагы быйыл январда чыккан нааразылык акциялары. Алматы шаары, Казакстан. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстанда Январь окуясына байланыштуу ачылган кылмыш иштеринин алкагында 331 адам соттолду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын биринчи кызматынын башчысынын орун басары Елдос Килымжанов Нур-Султанда өткөн атайын брифингде билдирди.

Анын айтымында, кандуу окуяга байланыштуу жалпы 5065 кылмыш иши сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Мунун алкагында дагы 514 киши шектүү катары өкүмдү күтүп камакта отурат.

Быйыл январдын башында Казакстанда суюлтулган газдын кымбатташына каршы нааразылык акциялары массалык тополоңго алып келип, кан төгүү менен коштолгон. Бийлик аны “сырттан даярдалган террордук күчтөр уюштурганын” билдиргени менен аны ырастаган далилдерди келтире алган эмес.

Президент Касым-Жомарт Токаев күч кызматкерлерине эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин ачык айткан. Ал өлкөдө бийликти күч менен алмаштыруу аракети болгонун айткан, бирок анын уюштуруучуларын так атаган эмес.

Бийлик кеминде 230 кишинин каза тапканын билдирген. Дагы сегиз киши кармалгандан кийин изолятордо көз жумган. Миңдеген киши терроризмге, жапырт тополоң, курал-жаракты уурдоого шек саналып кармалган. Бийлик ушу кезге чейин каза болгондордун жана кармалгандардын аты-жөнүн жарыялаган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG