Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

6-июндун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

6-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11 градус.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз түштөн кийин өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 28…30 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG