Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

HRW талибдер Ооганстанда жайкын тургундарды кыйноого алып жатканын эскертти


Ооганстандын Панжшер провинциясы ток сары түстө берилди.
Ооганстандын Панжшер провинциясы ток сары түстө берилди.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму иш жүзүндө Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” кыймылы өлкөнүн түндүк жагындагы жайкын тургундарды жапырт түрдө кармап, кыйноого алып жатканын маалымдады. Талибдер жарандарды Панжшер провинциясындагы куралдуу оппозицияны колдоого айыптап жатат.

2021-жылдын августунда талибдер бийликти колго алгандан кийин Панжшердеги Ахмад Масуд жетектеген "Улуттук каршылык көрсөтүү фронту" “Талибандын” бийлигине каршы күрөшөрүн жарыялаган. Антисоветтик жана антиталибдик можахеддердин атактуу лидери, маркум Ахмад Шах Масуддун уулу башкарып жаткан оппозициялык топто миңдеген куралдуу жоокерлер бар.

HRW уюмунун маалыматында белгиленгендей, аталган фронт өткөн айдан баштап талибдердин бөлүмдөрүнө жана блокпостторуна чабуулдарын жанданткан.

Натыйжада, аларды колдоп жаткан уруу жана жамаат башчыларын “Талибан” куугунтукка алып, репрессиялык өнөктүк баштаган. Июндун башынан бери эле Панжшердин Хендж районунда кеминде 80дей адам кармалган. Ага чейин дагы жүздөй жайкын тургун түрмөгө киргизилген. HRW кармалгандардан жакындары жана адвокаттары кабар ала албай жатканын билдирүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG