Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:02

"Ислам мамлекети" террордук тобу Кабулдагы чабуулду мойнуна алды


Кабулда жардыруу болгон жер, 18-июнь, 2022-жыл.
Кабулда жардыруу болгон жер, 18-июнь, 2022-жыл.

“Ислам мамлекети” террордук уюмунун аймактагы тобу Ооганстандын баш калаасы Кабулда жасалган чабуулду өз мойнуна алды. 18-июнда шаардагы cикх храмына кол салууда кеминде эки киши каза таап, жети адам жарадар болгон.

“Талибан” өкмөтүнүн ички иштер министринин басма сөз катчысы Нафи Такур журналисттерге “талибдердин бири шейит кетти, дагы бир мекендешибиз, сикх жамаатынын өкүлү каза тапты. Андан башка курмандыктар жок. Храмга чабуул койгон согушкерлер өлтүрүлдү”, – деп айтты.

Соңку маалда "Ислам мамлекети - Хорасан" экстремисттик тобу ооган жергесинде мечиттерди жана башка улуттарды бутага алган учурлар көбөйдү. Террордук топ Телеграмдагы каналында бул чабуул Мухаммед пайгамбарга “акаарат келтиргендерге” жооп экенин эскертип, жакында эле Индиянын өкмөтүнүн басма сөз катчысынын айтканына ишарат кылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча атайын баяндамачысы Ричард Беннетт жакында эле суфилерге да кол салуу болгонун айыптап, Талибан өкмөтүн өлкөдөгү диний азчылыктарды коргоого үндөдү.

Калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин тутунган Ооганстанда болгону 300дөй сикх калды. Алардын көпчүлүгү "Талибан" бийликти басып алгандан кийин жер которууга аргасыз болду.

2020-жылы сикхтердин Кабулдагы храмына "Ислам мамлекети" террордук тобу кол салып, 25 адам өлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG