Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

ӨКМ: быйыл селдин чыгымы 174 млн. сомду түздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жаз-жай айларындагы жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында сел жүрүп, суу каптаган үйлөрдүн жалпы саны 2,5 миңден ашты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов "Биринчи радиого" курган маегинде айтты. Анын айтымында, сел суулары 649 үйдүн ичине кирип, 61 үй жараксыз абалга келсе, 100дөй турак жай капиталдык ремонтко муктаж. Жалпы чыгым 174 млн. сомду түздү. Бул статистикага Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында, Талас жана Чүй облусундагы катталган сел чыгымы кошула элек.

"Быйыл жылдагыдан жаан-чачын көп катталып, табийгый кырсыктар 1,5-2 эсе көп катталып жатат. Мунун айынан туристтик сезон 10-15 күнгө кечирээк башталды", - деди Кулматов.

Табигый кырсыктан жабыркагандарга бюджеттен 52 млн. сомдун тегерегинде жардам көрсөтүлдү.

2022-жылы апрель айынан бери катуу жааган жаандан улам өлкөнүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында сел кырсыктары келип чыкты. Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө жааган жаан карга айланып, жүздөгөн мал кырылды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG