Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Эки аэропортту реконструкциялоо түркиялык компанияга берилет


"Манас" эл аралык аэропорту
"Манас" эл аралык аэропорту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо үчүн ачык сынакта мамлекеттин сунушуна макул болгон бир дагы компания келбегендиктен, түркиялык YDA деген компания менен алдын ала макулдашуу жүрүп жатканын билдирди.

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат берүүдө. Жыйында депутат Жанарбек Акаев өлкөдөгү аэропорттордун абалы жана алардын учуп-конуу тилкелерин кеңейтүү боюнча суроо берди.

"Түркиянын YDA компаниясы менен алдын ала макулдашуу болду. Жакын арада Бишкектеги жана Оштогу аэропортту эки жыл аралыгында реконструкциялоо үчүн 450 млн. доллардан 1 миллион долларга чейин инвестиция салып, бардык жумуштарды бүтүрмөй болуп жатат. Эгер жакынкы күндөрү макулдашууга кол коюлса, жумуштар башталат. Биз тараптан бир шарт коюлду - көрсөтүлгөн мөөнөттө жумуштар аяктабаса, салынган инвестиция толугу менен Кыргызстанга өткөрүлөт”,- деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле түркиялык YDA деп аталган компания буга чейин Түркмөнстанда аэропортту өз мөөнөтүнөн мурда куруп тапшырганын, аба майданын тең башкарып, пайданы да тең бөлүү сунушталганын кошумчалады.

18-майда катуу жамгырдан улам "Ош" ааэропортунун шыбы урап калганы талкуу жараткан. Аэропорт 2012-жылдан бери беш жолу жаңыланып, аянты бир канча эсе кеңейтилген. Ага жалпы 156 миллион сомдон ашык ачка жумшалганы боюнча Транспорт прокуратурасы иликтеп баштаган.

Май айында президент Садыр Жапаров аба майдандар тууралуу пикирин билдирген. Анда өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасынын алкагында аба майдандардын инфраструктурасы жакшырып, ички авиакаттамдар калыбына келтирилери айтылган. (JsA)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG