Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

Карындашын коргоп, ок чыгарган делген шектүүнүн ишин акыйкатчы көзөмөлүнө алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова ок чыгарган адамды психологиялык экспертизадан өткөрүүнү Ички иштер министрлигине сунуштады.

Бул тууралуу омбудсмен Фейсбуктагы баракчасына жазып, карындашын коргоо максатында ага кол көтөргөн адамды атып салган шектүүнүн иши көзөмөлүндө болорун кабарлаган.

1-июлда Бишкек–Торугарт автожолунун 69-чакырымында 47 жаштагы эркек ок тийип, “Тез жардам” барганча каза болгон.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ок чыгарган адам карындашына ыдык көрсөткөн айдоочуну травматикалык тапанча менен атып салган.

Милициянын версиясына ылайык, 1-июлда эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин бараткан жерине жетип алуу үчүн аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Машинанын айдоочусу тийишкени үчүн келин агасына телефон чалып, башка машинага түшүп кеткен, бирок айдоочу артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы барып калып, ок чыгарган.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде каттоого алынып, 36 жаштагы шектүү Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG