Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Сот Сооронкулованын сынына жооп берди


Октябрь окуясы боюнча иште акталгандар: Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов, Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Канат Сагымбаев. Бишкек. 28-июнь, 2022-жыл.
Октябрь окуясы боюнча иште акталгандар: Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов, Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Канат Сагымбаев. Бишкек. 28-июнь, 2022-жыл.

Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган саясатчыларды Октябрь окуясы боюнча актаган чечими жөнүндө мурдагы судья Клара Сооронкулованын пикирине жооп берди.

Райондук соттун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Октябрь окуясы боюнча ишти караган судьялар өз алдынча чечим чыгарып, эч кимдин басымы болбогону жазылган. Маалыматта прокуратура айыпталуучуларды 12 жылга эркинен ажыратууну сураганы, 167 жабырлануучу суралганы айтылат. Сот ишинде соттук-лингвистикалык, саясий экспертизалар дагы болгон. Ушул сыяктуу жүйөлөрдү келтирген Биринчи май райондук соту чечим прокуратуранын көрсөтмөсү менен кабыл алынды деген сындарды четке каккан.

Райондук сот Клара Сооронкулованы чечим чыгарган судьяларды сыйлоого, мыйзамга каршы пикирлерди айткандан карманууга чакырат.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова “Азаттыктын” 29-июндагы “Эксперттер талдайт” берүүсүндө Октябрь окуясы боюнча чечим прокуратуранын көрсөтмөсү менен чыгарылды деген пикирин айткан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-июнда Октябрь окуясы боюнча Атамбаевди, анын кеңешчиси Фарид Ниязовду, жансакчысы Канат Сагымбаевди, "Социал-демократтар партиясынын" лидери Темирлан Султанбековду, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду актаган чечим чыгарган.

Президент Садыр Жапаров чечимге эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG