Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө

Вирусту текшерүү учуру. Бишкек.
Вирусту текшерүү учуру. Бишкек.

Кыргызстанда 27-июндан 3-июлга чейин коронавирус жуктурган 48 адам катталды. Алардын ичинде 43ү - Бишкекте. Ооругандардын үчөө ооруканага жаткырылган, алардын абалы орто деп бааланууда. Өлкөдө май айынан баштап вирус жуктургандар катталган эмес.

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти маалымдады. COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын мартынан бери өлкөдө 201 101 адам инфекцияны жугузган, анын 2991и каза болгон.

Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстан менен Казакстанда оору кайрадан күчөп, эки өлкө вируска каршы чараларды жандантты. (TSh)

​
XS
SM
MD
LG