Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Казиного каршы чыккан активист кызматка барды


Акжолтой Тукунов.
Акжолтой Тукунов.

Кумаркана мыйзамына каршы чыгып жүргөн жарандык активист Акжолтой Тукунов Монополияны жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өзү Фейсбуктагы баракчасында маалымдады.

Акжолтой Тукунов буга чейин Фейсбук аркылуу коомдогу ар кандай маселелер боюнча пикирин билдирип келген. Соңку учурда казино мыйзамына кескин каршы чыгып, ар кандай акцияларга активдүү катышып жүргөн.

2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп бир нече ай иштеген. Андан кийин парламенттик шайлоого дагы катышкан.

Монополияны жөнгө салуу кызматы Экономика жана коммерция министрлигине карайт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG