Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Алматыда жашаган каракалпакстандыктар суракка чакырылды


Каракалпакстандын борбору Нукустагы күч кызматкерлери. 3-июль, 2022-жыл.
Каракалпакстандын борбору Нукустагы күч кызматкерлери. 3-июль, 2022-жыл.

Алматыда жашаган каракалпакстандыктар суракка чакырылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына Адам укуктары боюнча жергиликтүү бюродон билдиришти. Укук коргоочу Андрей Гришиндин айтымында, каракалпакстандык беш активист маалымат жыйын өткөрүүнү көздөшкөн. Бирок кийин айнып кетишкен. Ал активисттердин баары суракка чакырылган.

Бул маалыматты алардын бири Рахметтулла да ырастады:

"Бүгүн мага шаар департаментинен чыгышты. Мен мыйзам бузбаганымды айтып, эмне каалап жатышканын сурадым. Алар "баш тартсаңар, күч менен алып келүүгө кудурет жетерин" айтышты.

Orda.kz агенттиги Алматыга Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин ыкчам тобу келгенин жазды.

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 4-июлда өткөн брифингде билдирди. Маалыматка караганда, 243 киши жаракат алган. Алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери. Ооруканада учурда жүзгө чукул адам бар, айрымдарынын абалы оор.

Улуттук гвардиянын маалымат кызматынын жетекчиси Даврон Жуманазаров 516 киши кармалганын билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, демонстранттарды күч менен таркатууда миңден көп киши жабыркаган.

Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болду. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген "суверендүү республика" деген макамы алынган эле.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG