Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Согуш башталгандан бери Украинада 17 журналист мерт кетти


Ирпен. 6-март, 2022-жыл
Ирпен. 6-март, 2022-жыл

Орусия Украинага кол салгандан берки согуштук аракеттерде 17 журналист мерт кетти, 24ү жарадар болду. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет билдирди.

Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, бери дегенде жетөө аткылоолор малында окко учкан, алардын бешөө болжол менен орусиялыктардын соккусунан каза тапкан. Дагы беш журналист кармаштар жүрүп жаткан аймактарда набыт болду. Аларга ким кол салганы аныкталган эмес. Дагы бир кабарчыны орусиялык аскерлер уурдап кетип, кыйнашкан. Бошотулгандан көп өтпөй ал көз жумган. Жапа чеккен төрт журналист кесибине байланыштуу куугунтукталганын айтып берген.

БУУ курман болгон же жараат алгандардын бери дегенде бешөө аял экенин белгилейт. Арасында "Азаттыктын" украин редакциясынын кызматкери Вера Гирич, орусиялык журналист Оксана Баулина бар.

Андан тышкары БУУнун мониторинг миссиясы орусиялыктар оккупациялаган аймактарда маалымат каражаттарынын жети кызматкери уурдалып кеткен учурларды каттаган.

Орус аскерлери кеминде эки жолу журналисттер бараткан машинелерди атайлап аткылаганы такталды. Машинелерге ак желек байланып, PRESS деген жазуу бар болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG