Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Демонстранттар кеңсесин ээлеп алган Шри-Ланканын президенти отставкага кетет


Демонстранттар Шри-Ланканын президенттинин кеңсесинде
Демонстранттар Шри-Ланканын президенттинин кеңсесинде

Шри-Ланканын президенти Готабая Ражапакса 13-июлда кызматтан кетет. Бул тууралуу өлкө парламентинин спикери Махинда Япа Абейвардена ишембинин кечиндеги телекайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, миңдеген демонстранттар өлкө борбору Коломбодогу президенттин кеңсесин ээлеп алган соң парламенттин жетекчилиги жана чоң партиялардын лидерлери чукул жыйынга чогулган.

Анда саясий күчтөр өлкөдө жаралган кырдаалда президенттин отставкага кетишин талап кылышкан. Президент Ражапакса бул сунушту кабыл алып, 13-июлда кызматын тапшырып берүүгө макул болгон. Ага чейин президенттин отставкасын кабыл алуу боюнча даярдык иштери жүрөт.

Азырынча Шри-Ланканын президентинин милдетин убактылуу ким аткарары ачык айтыла элек. Өлкөнүн премьер-министри Ранил Викрамасингхе да кызматтан кетүүгө макул болгон. Ишембинин кечинде демонстранттар анын Коломбодогу үйүн өрттөп салышкан.

Шри-Ланканын борбор шаары Коломбодо 9-июлда митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алышкан. Мамлекет башчысы коопсуз жерге чыгарылып кеткен жана ал аскердик-деңиз күчтөрүнүн коргоосунда экени кабарланган эле.

22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланкада нааразылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы ушу тапта болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Дары-дармек, айрым азыктар жетишсиз болуп жатканы, валюталык резерв түгөнгөнү, өлкө тышкы карызын төлөй албай, дефолт болгону айтылууда.

Бийлик бул үчүн коронавирус пандемиясын айыптап, өлкөгө туристтер мурдагыдай көп барбай калганын, ошондуктан киреше азайып кеткенин жүйө келтирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG