Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Казакстандык теннисчи кыз биринчи жолу Уимблдон мелдешин утту


Теннисчи Елена Рыбакина.
Теннисчи Елена Рыбакина.

Казакстандык теннисчи Елена Рыбакина Британиядагы Уимблдон ачык чемпионатынын финалында тунистик Онс Жаберди жеңип алды. Ал "Чоң шлем" турнирлеринин жекеме-жеке беттештерин уткан алгачкы казакстандык спортчу болуп калды.

23 жаштагы Рыбакина ишембиде Лондон шаарындагы финалдык оюндун биринчи айлампасын уттуруп жибергени менен калган эки айлампаны бир топ артыкчылык менен (3:6, 6:2, 6:2) жеңип алды.

Анын атаандашы Онс Жабер "Чоң шлем" турнирлеринин финалына чыккан биринчи араб жана африкалык теннисчи айым болуп калды. Ал учурда дүйнөнүн 3-ракеткасы.

Елена Рыбакина теннисчи кыз-келиндердин арасында дүйнөдө 23-орунда турат. Ал Орусиянын баш калаасы Москва шаарында төрөлгөн. 2018-жылы казак жарандыгын алып, турнирлерге Казакстандын атынан катыша баштаган.

Уимблдон мелдешинин эркектер арасындагы финалы 10-июлда болот. Анда сербиялык теннисчи Новак Жокович менен австралиялык Ник Кирьос беттешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG