Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Украиналык аскерлердин алгачкы тобу Британияда машыга баштады


Украиналык аскерлер
Украиналык аскерлер

10 миң украиналык аскер Британияга келип, аскердик даярдыкты баштады. Бул тууралуу Британиянын Коргоо министрлигинен 9-июлда кабарлашты.

Маалыматка караганда, аларды 1050 британ аскер машыктыруучулары бир нече апта окуудан өткөрмөкчү.

Британ коргоо министри Бен Уоллес украин жоокерлери менен ушул апта башында жолугуп, программаны "орус агрессиясына каршы Украинанын куралдуу күчтөрүнө жардам берүүнүн жаңы этабы" деп түшүндүргөн.

Машыгуунун алкагында украин жоокерлери британ аскерлерин даярдоо программасынын алкагында курал колдонуу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, согуш талаасындагы тактикалык жүрүштөр тууралуу даярдыктан өтүшөт.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага кол салган соң Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Британия расмий Киевге саясий, аскердик жана каржылык колдоосун көрсөтүп келе жатат.

XS
SM
MD
LG