Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

Этил спиртин өндүрүүгө мамлекеттик монополия киргизилет


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда ушул жылдын 1-сентябрынан тартып этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизилет. 12-июлда президент Садыр Жапаров "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга 100% мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Анда жарлык этил спиртин өндүрүү багытын жакшыртуу, салыкты көбөйтүү, аткезчилик жол менен ташып келүүгө, контрафакттык продукцияга бөгөт коюу жана калктын саламаттыгын коргоо максатын көздөй турганы айтылат.

Ага ылайык, “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, өлкө аймагында өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук берилет.

Учурда Бишкектеги дүкөндөрдө алкоголдук ичимдиктердин баасы 30% чейин өстү. Министрлер кабинети алкоголь өндүрүүчү ишканалар көмүскөгө көбүрөөк кирип, салыктан качып жатканын билдирген.

Ал эми тармактын өкүлдөрү салык улам өсүп, текшерүү жүдөтүп жатканына даттанып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG