Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Липосакциядан каза болгон келиндин өлүмүнө байланыштуу хирург камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Денесиндеги ашыкча майларды сордуртуудан (липосакция) каза тапкан 40 жаштагы Айдайга операция жасаган дарыгер тергөө абагына камалды. Маалыматка караганда, ал 13-августка чейин темир тор артында болот.

Денесиндеги ашыкча майларды сордурткан (липосакция) операциядан кийин абалы начарлаган Айдайды "Тез жардам" кызматы Улуттук госпиталга 14-июнда жеткирген. Маркумдун сиңдисинин "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, бейтаптын комага түшүүсүнө Art сlinic аттуу менчик клиникада иштеген пластикалык хирургдун катасы себеп болгон.

Менчик клиниканын шаардагы ооруканалардын реанимация бөлүмдөрү менен келишими жок болгондуктан, бейтап тааныштардын көмөгү менен Улуттук госпиталдын анестезиология жана реанимация бөлүмүнө эс-учун жоготкон абалда түшүп, кийин көз жумган.

Айдайга дарыгерлер "курч перитонит" деген диагноз коюшуп, операцияга жасашкан жана алар анын ичегиси эки жеринен тешилгенин аныкташкан. Маркум 29-июнда 41 жашка чыкмак. Жалгыз бой эненин артында эки баласы калды.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алмаш Бекбоеванын маалыматы боюнча, бул факт боюнча тергөө кызматы Кылмыш -жазык кодексинин 146-беренеси боюнча ("медициналык же фармацевттик кызматкердин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбоо") иликтөө жүргүзүп, зарыл экспертизалар дайындалган. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG