Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Next TVнын директорунун иши боюнча сот прокурор барбаганына байланыштуу башка күнгө которулду


Таалайбек Дүйшөмбиев.
Таалайбек Дүйшөмбиев.

Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 27-июлга белгиленген сот отуруму болгон жок. Буга Дүйшөмбиевге айып таккан прокурордун ооруп келбей калганы жана аны айыптоого негиз болгон корутундуну жазып берген эксперттер менен айыпталуучу тараптын бир күбөсү да келбегени себеп болду. Кийинки отурум 29-июлга белгиленди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы "Улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.

Соттун алгачкы отуруму 21-июлда өткөн. Анда Дүйшөмбиев коюлуп жаткан айыпты моюнуна албай турганын айткан. Телеканалдын күбө катары көрсөтмө берген эфирдик оператору соттук териштирүүгө себеп болгон маалыматтын жарыяланышына Дүйшөмбиевдин тиешеси бар деп айта албай турганын билдирген.

Next TVга ээлик кылган оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков 21-июлда чет элдик элчиликтерге жана эл аралык гуманитардык уюмдарга кайрылуу жолдоп, Кыргызстанда сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканын, буга Дүйшөмбиевдин абакта отурганы мисал экенин айткан .

Дүйшөмбиев УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (RK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG