Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Барак эксклавынын тургундары бийликке кайрылышты


Барак эксклавы.
Барак эксклавы.

Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавынын тургундары демаркация иштери кечеңдеп жатканын айтып, бийликке кайрылды.

Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Бурканбек Аширов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиялары 2018-жылы макулдашкан. Ага ылайык, Өзбекстан Барак эксклавынын ордуна башка жактан 208 гектар жерди бере турган болгон.

"Жумушчу топ менен барып Өзбекстан бизге бере турган жерди көргөнбүз. Атүгүл комиссия аянтын өлчөп да койгон. Алар Өзбекстандын Кара-Суу районунун Ак-Таш айылына чектеш, эл жашабаган жерди бере турган болгон. Мындайча айтканда, делимитация жумушу бүткөн. Эми демаркациялоо бүтсө эле болду. Бирок негедир жер алмашуу жараяны токтоп калды. Эмнеге токтоп калганы бизге белгисиз", - деди Аширов.

Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев Барак айылынын маселеси өкмөттүк деңгээлде чечиле турганын билдирди. Анын айтымында, учурда чек арада Барактын тургундары үчүн Ак-Таш чек ара өткөрүү бекети иштеп жатат. Барак айылынын тургундары дыйканчылык үчүн тоскоолдуксуз ары-бери өтүп жатышат.

Кыргыз өкмөтү эксклавда жашагандардын пикири тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев 10-августта "Азаттыкка" Өзбекстан менен чек араны жыл аягына чейин толугу менен чечүүгө аракет көрүлүп жатканын маалымдады.

"Эки өлкө ортосундагы чек аранын 1170 чакырымы такталып, келишимге кирген. Калган аймактарды чечүү боюнча жолугушуу болот. Өзбекстан менен чек араны быйыл тактап бүтөлү деп аракет кылып жатабыз", - деди ал.

Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп саналат. Ал чек арадан 1,5 чакырым Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Төбө районунун ичинде жайгашкан. 2010-жылга чейин Барак айылында миңге чукул адам жашаган. Азыркы учурда 19 үй-бүлө жашайт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1314 чакырымды түзүп, анын 1170 чакырымы (85%), ал эми андан бери дагы 10% жакыны такталган. (ArN)

XS
SM
MD
LG