Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:54

Өзбекстанда чет жакта согушка катышкандары жарандыктан ажыратуу демилгеси көтөрүлдү


Алишер Кадыров.
Алишер Кадыров.

Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын вице-спикери, бийликчил “Улуттук кайра жаралуу” партиясынын төрагасы Алишер Кадыров башка өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн согушка катышып жаткан Өзбекстандын жарандарына катаал чараларды көрүүгө чакырды.

Ал чет жакта согуштук аракеттерге катышкандарды абакка кесип коюу жеңил жаза экенин айтып, аларды жарандыктан ажыратып, өмүр бою Өзбекстанга кирүүгө тыюу салуу сунушун берди. Анын сөзүнө караганда, мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуу башталды.

Жакында эле Орусиянын Пермь аймагындагы өзбек диаспорасынын башчысы Жахонгир Жалолов Украинадагы согушка катышуу үчүн “Тамерлан” деп аталган батальон түзүүнү сунуштаган.

Бул окуядан кийин Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги чет өлкөдө ыктыярдуу батальон түзүп же башка мамлекеттеги согуштук аракеттерге катышкан өзбек жарандары кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен. Мекеме аларга Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси менен иш козголуп, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын билдирген.

“Коммерсант” басылмасы Украинадагы согушка катышуу үчүн Орусияда 40тан ашык ар кандай аталыштагы батальон түзүлгөнүн жазган.

Буга чейин Орусиядагы мигранттарды Украинадагы согушка барууга азгырган учурлар көбөйгөнү тууралуу маалыматтар чыккан. Согушта теги кыргызстандыктар да мерт болгон учурлар катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG