Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:32

Олаф Шольц: Украинадагы согуш үчүн Путин жоопкер


Владимир Путин менен Олаф Шольц. Архивдик сүрөт.
Владимир Путин менен Олаф Шольц. Архивдик сүрөт.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Берлинде өткөн басма сөз жыйынында Украинадагы согуш үчүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин жеке жоопкерчилиги бар экенин билдирди. Ал Орусия тарабынан жасалган делген аскердик кылмыштарды айыптап, бирок “орус президенти алар үчүн жооптуубу жана жоопко тартылышы керекпи?” деген суроого жооп берген жок. Бул тууралуу DPA маалымат агенттиги жазды.

Олаф Шольцтун айтымында, Украинадагы согуштук аракеттердин башталышына жоопкерчилик карапайым орусиялыктарга эмес, өлкө жетекчилигине жүктөлөт. Бул тууралуу ал Орусияга виза берүүнү токтотуу сунушу боюнча суроого жооп берип жатып билдирди. Ал Орусиянын бардык жарандарына виза берүүнү толук токтотууну элестетүү кыйын экенин белгилеп, “Бул Путиндин согушу”, - деди.

Европа Биримдиги кийинки санкциялар пакетинин алкагында Орусиянын жарандарына виза берүүнү жокко чыгаруу сунушун талкуулаганы жатат.

Шаркет 26-февралдан баштап Орусия менен жеңилдетилген виза режимин убактылуу токтоткон. Европанын бир катар өлкөлөрүнүн элчиликтери жана виза борборлору орусиялыктарга кыска мөөнөттүү Шенген визасын берүүнү азайтты же толугу менен токтотту.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG