Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Мурдагы канцлер Герхард Шредер Бундестагды сотко берди


Герхард Шредер менен Владимир Путин.
Герхард Шредер менен Владимир Путин.

Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредер Бундестагды (парламент) сотко берип, мурдагы өкмөт башчы катары ага берилген артыкчылыктарды кайра калыбына келтирүүнү талап кылды. Ал жана адвокаты депутаттар өкмөттөгү кеңсесин мыйзамсыз жаап койгон деп эсептээрин DPA маалымат агенттиги жазды.

Май айында Бундестагдагы башкаруучу коалиция Шредердин өкмөттөгү кеңсесин жабуу чечимин кабыл алганы белгилүү болгон. Парламенттин Бюджет боюнча комитети мурдагы канцлерлерди мамлекет тарабынан камсыздоо "экс" деген макамына эмес алар кызматта турганда аткарган милдетине жараша каралат деген чечим кабыл алган. Ошол эле кезде Шредерде пенсия жана күзөт кызматын пайдалануу укугу калган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эсеби боюнча, Герхард Шредердин кеңсесинде иштеген кызматкерлердин чыгымдарына жылына 400 миң еврого жакын каражат кетип турган. Handelsblatt гезити Шредер айына 10 миң евродон ашык маяна алып, анда беш кызматкер иштегенин жазды.

Шредер 1998-2005-жылдары Германиянын канцлери болгон. Кызматтан кеткенден кийин Орусияга байланыштуу долбоорлорго, анын ичинде "Түндүк агым" газ кууруна катышкан. 2017-жылы Орусиянын мамлекеттик “Роснефть” мунай компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Ал бул кызматтан быйыл май айында кеткен.

Герхард Шредер Орусиянын президенти Владимир Путин менен достук мамилеси бар экени менен да белгилүү.

XS
SM
MD
LG