Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Москвада полицияга кол салууга шек саналган эки тажикстандык соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада полицияга кол салууга айыпталган эки тажикстандык жаран үч жарым жана эки жарым жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Москванын Симоновский райондук соту 11-августта чыгарды.

Окуя “Тульская” метро станциясында быйыл февраль айында болгон. Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, кармалгандардын бири 18 жаштагы Умар Расулжонзода тартип коргоочуларга баш ийбей, түрткүлөшкөн. Ал эми анын агасы 21-жаштагы Саидакрам Хамроев полиция кызматкерин тээп, чаап качып кеткен.

Алардын туугандарынын айтымында, полиция кызматкерлери кармалгандардын колдорун кайрый баштаганда алар ушундай кадамга барууга аргасыз болгон. Бул окуя социалдык тармактарда талкууга түшүп, орус полициясынын мигранттарга болгон катаал мамилесин сындагандар болгон.

XS
SM
MD
LG