Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Сокулукта зордуктоого кабылды деген өспүрүмдүн иши кайра иликтенүүдө


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Чүйдүн Сокулук районундагы 12 жаштагы баланы зордуктоо ишин иликтөө кайрадан жанданды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, 2021-жылдын 7-июнунда 81 жаштагы жергиликтүү тургун коңшусунун эки өспүрүм баласы анын 12 жаштагы баласын март айында талаада зордуктап койгонун айтып, арыз менен кайрылган. Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 162–беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) менен катталып, сотттук-медициналык жана психикалык экспертиза дайындалган. Милиция алгачкы экспертизада баланын денесине залал келтирилбегени аныкталган эмес деп тапкан. Арыз менен кайрылган тургун баласын эч ким зордуктабаганын айткан. Буга байланыштуу ошол жылдын 12-июнунда кылмыш иши токтотулган.

Быйыл 7-февралда прокуратура ишти токтотуу чечимин жокко чыгарып, кайра тергөөгө жөнөткөн. Кайрадан экспертизанын жыйынтыгы менен иш токтотулган. Жакында эле прокуратура арыздануучунун жаңы жүйөлөрүнө байланыштуу кайрадан ишти жандантуу чечимин чыгарды.

11-августта президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, Кылмыш-жаза кодексине, Мунапыс берүү негиздери жана анык колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон.

Ага ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскирбейт, ооруга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда абактан чыгарылбай жана эч кандай мунапыс берилбейт. Соттор балдарга зомбулук көрсөткөндөргө эми өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгара алат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG