Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

CNN: Испания Украинага аскердик жардам берет


Испания буга чейин Украинага ок-дарыларды жана жеке коргонуу шаймандарын берген. Иллюстрациялык сүрөт.
Испания буга чейин Украинага ок-дарыларды жана жеке коргонуу шаймандарын берген. Иллюстрациялык сүрөт.

Испания Украинага абадан коргонуу системалары үчүн кубаттагычтарды жана ок-дарыларды берет. Бул тууралуу CNN телеканалы Испаниянын Коргоо министрлигине шилтеме берип билдирди. Маалыматка караганда, аскердик жардамда 1000 артиллериялык ок-дары, 1000 тонна дизелдик күйүүчү май, бронетехника жана кышкы кийимдер бар.

Июнь айында жалпыга маалымдоо каражаттары Испания Украинага зениттик-ракеталык комплекстерди жана немис өндүрүшүндөгү Leopard танктарын бере турганын жазып чыгышкан.

Орусия согуш ачкандан бери Батыш өлкөлөрү Украинага каржылык жана аскердик жардам берип келатат. 24-августта Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Украинага барып, 65 миллион долларлык, анын ичинде 850 микродронду камтыган жардам берилгенин билдирген. АКШнын президенти Жо Байден да Украинанын эгемендик күнүндө 3 миллиард долларлык курал-жарак берилерин айтты.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Адегенде Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “деназификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (ДНР), “Луганск Элдик Республикасы” (ЛНР) деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG