Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Болот Темировдун сотунда күбө катары суралчу тергөөчү дагы келген жок


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Бишкектин Свердлов райондук соту 29-августта иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин кароону улантты. Анда күбө өтчү ички иштер органдарынын тергөөчүсү Аман Асанакунов дагы келбегени белгилүү болду. Мындан улам судья аны келерки жараянга мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарды.

Буга чейин күбө катары суралчу тергөөчүлөр келбегенине байланыштуу сот отуруму бир нече жолу жылган эле.

Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон. Анын алдында журналисттин Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин аты аталган.

Ташиев коррупция тууралуу дооматтарды четке каккан.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңги зат боюнча төрт иш козголуп, алар баары бириктирилип каралууда.

Журналист мыйзам бузбаганын айтып, бул иштерди куугунтук деп мүнөздөп келет. Күч органдары анын айткандарын негизсиз деп эсептешет.

Төкмө акын Болот Назаров Ютуб каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет.

XS
SM
MD
LG