Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

"Газпром" ишканасы "Түндүк Агым" аркылуу газ берүүнү үч күнгө токтотту


“Газпром” компаниясынын газ кууруна керектелчү турбиналар. Иллюстрациялык сүрөт.
“Газпром” компаниясынын газ кууруна керектелчү турбиналар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын мамлекеттик “Газпром” компаниясы “Түндүк агым” кууру аркылуу газ берүүнү үч күнгө толугу менен токтотту. Ишкана муну 31-августтан тарта газ компрессордук агрегатында пландык иштер башталганы менен түшүндүрдү.

“Газпром” алгач газ берүү 19-августтан баштап токтотуларын эскерткен. Кийинчерээк Ленинград облусундагы “Портовая” компрессордук станциясындагы турбинаны оңдоого байланыштуу 31-августтан 3-сентябрга чейин көгүлтүр от берилбей турганын тактаган.

Газ куурунун иши токтотулганы тууралуу маалыматтын фонунда Европада газдын баасы миң куб метрине 3 миң доллардан ашты.

Июль айында пландык оңдоо иштерине байланыштуу деген жүйө менен “Түндүк агым” кууру 10 күнгө толугу менен өчүрүлгөн. “Газпром” ишканасы андан кийин газ берүүнү 20% чейин азайткан. Буга “Портовая” станциясындагы экинчи Siemens турбинасын оңдоо иштери себеп болгону айтылган.

Июнда “Газпром” компаниясы “Түндүк Агым” аркылуу Евробиримдикке бериле турган газдын көлөмү 40% чейин азайышын турбинанын жоктугу менен байланыштырган. 17-июлда Канада Германияга жаңыланган газ турбинасын берген. Бирок Орусиянын мамлекеттик ишканасы техникалык мүчүлүштүктөрдү шылтоо кылып, аны кабыл алуудан баш тарткан.

Августтун аягында Канада “Түндүк Агым” газ кууру үчүн Германияга дагы беш Siemens турбинасын берерин жарыялаган. Буга чейин Siemens Energy компаниясынын жетекчиси Кристиан Брух газ түтүгүн 100% иштетүү үчүн беш турбина керек экенин айткан.

Германия менен Евробиримдик “Түндүк Агым” аркылуу газ берүүнүн азайышын согушта Украинаны колдогону үчүн Орусия Евробиримдикке басым кылып жатат деп эсептейт.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү "Түндүк агым-1" куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары "Түндүк агым-2" долбоорун курган. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Согушка чейин анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Москва Донбасстагы жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц 22-февралда “Түндүк агым-2” долбоорунун сертификациясын убактылуу токтоткон.

“Түндүк агым-1” долбооруна санкция салынган эмес. Биринчи газ кууру 2011-жылдан бери иштейт жана жылына 55 млрд. метр куб газ ташууга жөндөмдүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG