Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Окуучуларга сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салынат


Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонуусуна тыюу салган буйрукту бекитти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, окуучулар уюлдук байланыш каражаттарын төмөнкү шартта гана колдоно алат:

  •  Маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн окуу предмети боюнча маалымат издөөдө;
  •  Окуу процессинде онлайн тесттерди түзүүдө жана колдонууда;
  •  Окуу видеосун көрүүдө же аудио жазууларды колдонууда;
  •  Маалымат издөө үчүн QR-коддорду окууда;
  •  Электрондук күндөлүктү колдонууда;
  •  Атайын шаймандар жана техника менен жабдылган атайын багыттагы класстарда (информатика кабинеттери, smart-класстар) смартфондорду колдонууга болот.

Мындай зырылчылык болбогон учурда телефондорду колдонууга тыюу салынат. Окуучуларга мектепке кирердин алдында телефонду "үнсүз режимге" коюу сунушталат. Министрлик балдардын ден соолугун сактоо жана билимдин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында сунуштап жатканын билдирген.

Мектептерде телефон колдонууга тыюу салуу демилгеси буга чейин дагы көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты Тазабек Икрамов мектептерде телефон колдонууга тыюу салууну сунуштап, бул үчүн өзүнчө шкафтар жасалышы керектигин айтып чыккан.

Тармактык комитеттин мүчөлөрү сунушту колдоп, буга байланыштуу норманы мыйзамдаштыруу тапшырмасын беришкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG