Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Бахмутта Орусиянын соккусунан сегиз адам набыт болду


Бахмут шаары. 3-август, 2022-жыл.
Бахмут шаары. 3-август, 2022-жыл.

Украинанын Донецк облусунун губернатору Павел Кириленко акыркы суткада Орусиянын армиясынын аткылоосунан Бахмутта сегиз киши набыт болуп, 17си жаракат алганын билдирди. Бул тууралуу Телеграммдагы каналына жазды.

“Покровск, Краматорск жана Бахмут аймактары аткылоого кабылды. Анын ичинен Бахмут эң көп зыян тартты. Бул жерде сегиз киши каза болуп, дагы 17 адам жаракат алды. 20 турак жай, алты көп кабаттуу үй, төрт дүкөн, маданият үйү жана административдик имарат жабыркады. Базарда өрт чыгып, 107 күркө жабыркады. Шаарда төрт күндөн бери суу жана электр жарыгы жок. Согуштан улам оңдоо иштерин кылуу мүмкүн эмес”, - деди Кириленко.

Маалыматка караганда, Покровск районунда Марьинка, Красногоровка, Максимильяновка жана Авдеевка айылдары жабыркады. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Орусиянын аскерлери Краматорск районунда Славянск, Константиновка жана Рай-Александровка аймагын аткылады.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Орусиянын президенти Владимир Путин муну Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо” деп түшүндүргөн. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес. Москва Украинага согуш ачпаганын билдирип аны “атайын операция” деп атайт.

Москва көптөгөн далилдерге карабастан, Украинада жайкын тургундарга, жарандык объектилерге сокку урбаганын кайталап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG