Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

Украинада орус армиясынын катарында согушкан өзбекстандыктар кармалганы кабарланды


Интернетке тараган видеодон алынган скриншот.
Интернетке тараган видеодон алынган скриншот.

10-сентябрда интернетте Украинанын аскерлери орус армиясынын катарында согушкан өзбекстандыктарды туткунга алганы тартылган видео тараган. Кармалгандардын бири өзүн Ахмедов Мухриддин Соли деп тааныштырган 22 жаштагы жигит Өзбекстандын Самарканд облусунда туулганын айтып берген. Ал Москвада окуй турганын, акча табуу үчүн “ЧВК Вагнер” жеке аскердик тобуна кошулганын билдирген. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.

Видеодон өзүн Өзбекстандын жараны катары тааныштырган дагы бир киши Москвада курулушта документи жок иштеп жүргөндө аны Украинага жөнөтүшкөнүн айткан. Видео качан, кандай жагдайда тартылганы белгисиз.

Мунун алдында Украинанын куралдуу күчтөрү Харьков облусунда жасаган контрчабуулунун жыйынтыгында Орусиянын бир топ аскерлери туткунга алынганы кабарланган эле.

Украинанын Куралдуу күчтөрү түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында контрчабуул баштаганына эки апта болду. Чыгыш облустар – Донецк, Луганск жана Харьковдо да орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу аракети уланууда.

Буга чейин Өзбекстандын Москвадагы элчилиги өзбекстандыктарга кайрылып, чет мамлекеттердин аймагында ыктыярдуу батальон түзүп же согуштук аракеттерге катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен. Ага чейин Өзбекстандын Тышкы эмгек миграция боюнча агенттиги жарандарды Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырган.

Акыркы окуя боюнча Өзбекстандын да, Орусиянын да бийлиги комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG